Бишкекте талап-тоноо кылмышына шектелип 3 адам кармалды

5-февралдан 6-февралга караган түнү Бишкек шаарындагы түнкү коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу мобилдүү көчмө топ талап-тоноо фактысы боюнча 3, уурулук боюнча 3 адамды колго түшүрүштү. Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган фактылар боюнча арыз түшүп, укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изи сууй элегинде кармашкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду. 

Айта кетсек, 2013-жылдын январь айынан баштап Бишкек шаарында мобилдүү топ түзүлүп, алар түнкү саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин шаардагы коопсуздукту көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан