"Борбор калаадагы Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан букмекердик клубдун бирин тоногон" деген шек менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам аталган букмекердик клубдун кароолчусун сабап, кардарлардан түшкөн 30 миң сом өлчөмүндөгү каражатты уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.