Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жарандарды мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштоодо. Демилге бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, маданият жана спорт комитетинин отурумунда каралды. Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиевдин айтымында, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо - коомчулуктун биринчи талабы.
“Демилге Кыргызстандын жарандарында сырткы жана ички баалуулуктарды калыптандыруу боюнча программа иштеп чыгууга багытталат. Учурда жаштар арасында моралдык баалуулуктар жоголуп бара жатат”,- дейт Нуралиев.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактырышты.