Бишкекте калкты тейлөө тармагында 106 миңдей адам иштейт

Бишкек мэриясынын маалыматына таянсак, учурда калкты тейлөө тармагында 106 миңдей адам иштейт. Бул көрсөткүч шаарда иштеген жалпы калктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Тейлөө сапатын жана маданиятын жакшыртуу, тургундар менен коноктордун керектөөсүн толук канааттандыруу максатында ири дүкөндөр тармагы өнүгүүдө.

2013-жылдын 1-январынан бери 84 соода ишканасы, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө жайы ишке киргизилип, оңдолду. Бүгүнкү күндө борбордо 3 миңден ашуун стационардык соода жана коомдук тамактануу мекемелери иш алпарат. Мындан сырткары шаардагы базар жана майда соода түйүндөрүнүн саны - 143.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан