Бишкек-Мерке автомагистралын куруу маселеси өкмөттө талкууланды

Вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн, 13-январда өлкөнү транспорттук туюктан чыгаруучу жана Батыш Кытай жана Европага жол ачууга мүмкүндүк бере турган автомагистраль куруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында аталган жолду куруунун бир нече варианты каралды. Анын бири - Чүй өрөөнүнүн төмөнкү аймагы аркылуу өтүүчү Бишкек - Жамбыл - Ташкент трассасы. Экинчиси - Чүй облусунун Жаңы-Жер айылы аркылуу Батыш Кытай жана Европа магистралына чыгуучу жолду куруу. 
"Бишкек - Мерке автомагистралы бизге Батыш Кытай жана Европага чыгууга жол ачат. Муну менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланмакчы. Инвестициялык климат кескин жакшырып, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жаңы импульс берет",- дейт Диль. 
Жыйынтыгында жолду куруу долбоорун 2015-жылдын март айына чейин даярдоо тапшырмасы берилди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан