2 жаштагы балага байланышкан инцидент боюнча кылмыш иши экспертизанын жыйынтыгынан кийин козголот. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалганын айтышкан.
Ал эми Ички иштер министрлиги: “Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, оперативдүү топ иштеп жатат. Анын жыйынтыгынын негизинде кылмыш иши козголот. Баланын ата-энеси ажырашып кетишкен. Учурда атасынын колунда болгон. Атасы болсо аны туугандарына таштап кетчү. Алардын айтымдарында, ошол күнү ал тепкичтен кулап кеткен”,- деп билдирди.