Мамлекеттик чек араны бузган кытайлык үч жаран Кытай Эл Республикасына өткөрүлүп берилди

Мамлекеттик чек араны бузган кытайлык үч жаран Кытай Эл Республикасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-январь күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Эшме аймагында мамлекеттик чек араны бузган Кытайдын үч жараны кармалган. Айтымдарында, алар Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу аймагынын тургундары. Ошондой эле аларды текшерүү учурунда 6 даана бычак, карта, акча, тамак-аш, дарылар табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chyngyz123456789
2015-01-13 22:12:07
бизде сыраз эле откоруп беришет аларды кичине кармап кыйнаш керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан