Сокулук районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Сокулук айылынын 40 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 12-январь түнү короосундагы уюн белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы О.Руслан аттуу жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан