Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети бүгүн, 13-январда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карады. Мыйзам долбоорун комитет жыйынына депутат Кожобек Рыспаев алып чыкты. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда Кыргызстанга сырттан келип жаткан жаратылыш газынан алына турган 35 пайыздык бажы алымдарын жоюу жагы каралган. Комитет демилгени 2-окууда жактырды.