Ош. Ош облусуна 2012-жылы 89762 турист келген

2012-жылы Ош облусундагы туристтик эс алуу жайларына 89 762 эс алуучу келип, бюджетке 1 миллион 796 300 сом акча түшкөн. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 5448 турист көп келип, бюджетке түшкөн акча 747 600 сомго көп экенин билдирет. Бул маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков айтты. Мындан сырткары өткөн жылы Ош - Исфана жолу 1,3 чакырым узундукта оңдолуп, Ноокат - Папан, Ноокат - Араван - Төбө-Коргон, Ош - Аэропорт, Ош - Кашкар-Кыштак, Ош - Совхоз - Кара-Суу жолдоруна асфальт төшөлгөнүн кошумчалады облус жетекчиси. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан