Депутаттар "өкмөт Нарынга логистикалык борбор куруу иштерин жай жүргүзүп жатат" дешти
"Өкмөт Нарын облусуна логистикалык борбор куруу иштерин өтө жай жүргүзүүдө". Муну депутат Алмазбек Баатырбеков парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 13-январдагы жыйынында айтты. Жыйында комитет тарабынан Кыргызстандын чек ара райондорунда логистикалык борборлорду
уюштуруу боюнча өкмөткө берген тапшырманын аткарылышы каралууда. "Иш-чараны уюштуруу жай жүргөндүктөн, биз иштерди тездетүү боюнча талап коюп коёлу деп сунуштап жатабыз",- деди депутат.