Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети Улуттук банктын төрагасы
Толкунбек Абдыгуловдон доллардын курсунун өсүп жатышы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. Абдыгулов жыйынды жабык өткөрүүнү суранып, бирок депутаттар макул болушкан жок.
"Эмнеден чочулап жатасыз? Негизги себептерин айтыңыз, эл валюталык кырдаалдын абалын уксун",- дешти депутаттар.
Абдыгулов АКШ валютасынын курсунун өсүп жатышын тышкы саясатка байланыштырды. "Негизинен мезгилдик факторлор жана Орусия, Украинадагы экономикалык абал жана батыштын Орусияга киргизген санкциялары себеп",- деди Абдыгулов.
Андан сырткары банк төрагасы сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн Улуттук банк аракет жасап жатканын кошумчалады.