Өлкөдөгү ири интернет-провайдерлер чоң суммадагы салыкты төлөөдөн баш тартышкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү ири интернет-провайдерлер "Мегалайн" жоопкерчилиги чектелген коому - 8 миллион 500 миң сом, "Сайма телеком" жабык акционердик коому - 1 миллион сом, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому 54 миллион сом салыкты төлөгөн эмес.
Мамлекеттик салык кызматы ушул ишканалардын апелляциялык даттанууларын эске алып, соттун салыктарды төлөтүү боюнча чечимин күчүндө калтырды.