Ош. "Кемин-Датка узловая" көмөк чордону аяктоо алдында турат

Ош облусунда "Датка-Кемин узловая" көмөк чордонунун курулушу аяктай баштады. "Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасынын башчысы Эмилбек Смановдын айтымында, бул көмөк чордондун курулушуна Жалал-Абад - Ош - Баткен аймагына тараган электр чубалгылардын Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүшү себеп болду. Анткени Өзбекстан аймагындагы электр чубалгыларын оңдоо түйшүк жаратып келген. “Кыска мөөнөттүн ичинде ушундай чоң көмөк чордон курулуп бүтөр алдында турат. Көмөк чордон Ош жана Баткен облустарын электр энергиясы менен камсыз кылууда аябай чоң роль ойнойт. Өзгөндөгү "Датка узловая" көмөк чордонунан Ош шаарындагы "Жапалак узловая" көмөк чордонуна 125 чакырым, ал эми Жапалактан  Кызыл-Кыя шаарына 47 чакырым электр чубалгысы тартылып жатат. Бул иштерге 208 миллион доллар жумшалды” дейт Сманов. Айта кетсек, бул көмөк чордондун курулушу былтыр апрель айында башталган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан