Жоомарт Оторбаев: "2014-жылы билим берүү системине 20 миллиард сом бөлүндү"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 13-январда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алып, тараптар билим берүү жаатында 2014-жылы жасалган иштерди талкуулашты. Өкмөт башчы билим берүү жана илим системи өлкө үчүн приоритеттүү багыт экенин белгиледи. 
"Биз бюджеттик каражаттын көп бөлүгүн билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшап жатабыз. Кыргызстанда учурда 2207 мектеп жана 52 жогорку окуу жайы бар. Мектептерде 1 миллиондон ашык окуучу билим алса, жогорку окуу жайлардагы студенттердин саны 223 миңден ашык. 2014-жылы билим берүү системине 20 миллиард 96 миллион сом бөлүндү",- деди Оторбаев.
Премьер-министр мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси чечилбеген бойдон калганын кошумчалады. "Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү боюнча өлкө президенти тарабынан тапшырма коюлду, өкмөт каржы булактарын табуунун үстүндө иштеп жатат. Бул өтө ири сумма, бирок айлыктарды көтөрүү үчүн бул каражатты издөөнү улантабыз",- дейт өкмөт жетекчиси.
Мындан тышкары кадр жетишсиздиги, илимди реформалоо, жогорку окуу жайларды оптимизациялоо, ректор шайлоого байланыштуу маселелер талкууланды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан