Жогорку Кеңеште эртең жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришет
Эртең, 14-январда Жогорку Кеңеште жаңыдан кызматка дайындалышкан өкмөт мүчөлөрү ант беришет. Алар: вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жана эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Өкмөт мүчөлөрүнүн антын парламенттин жыйындар залында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алмакчы.