2015-жылы Түндүк-Түштүк кошумча жолун курууну улантуу керектигин айтты өкмөт башчы

"Өкмөт транспорттук тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Дал ушул тармакка жана энергетика чөйрөсүнө инвестициянын басымдуу бөлүгү багытталууда",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 13-январда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов менен жолугушууда. Тараптар аталган министрликтин 2014-жылы жасаган иштеринин жыйынтыгын талкуулашты. 2015-жылкы план тууралуу сөз болуп, анын ичинде жол инфраструктурасын жакшыртуу керектигин белгилешти.
Өкмөт жетекчиси былтыр жолдорду оңдоого 104 миллион доллар жана 1 миллион 830 миң евро бөлүнгөнүн, 100 чакырымдай жолго асфальт төшөлгөнүн айтты. "2015-жылы биздин алдыбызда мындан да чоң тапшырмалар турат. Бишкек - Нарын - Торугарт, Тараз - Талас - Суусамыр жана Балыкчы - Нарын - Казарман унаа жолун куруу долбоорунун 2-фазасын улантуу керек",- деди Оторбаев. 
Оор жүк ташуучу унаалардын жүгүн көзөмөлгө алууну күчөтүү тапшырмасы берилди министрге.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан