Жылнаама, 14-январь: Мындан 21 жыл мурун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири Мамлекеттик герб кабыл алынган

* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири Мамлекеттик герб кабыл алынган. "Легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин бул күнкү жыйыны КРнын Мамлекеттик гербин талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн. Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын уюшулган комиссиянын элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңештин жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби катары кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев экендиги коомчулукка белгилүү болгон.
* Мындан 26 жыл мурун, 1986-жылы Орусияда музыкалык “Любэ” (аталышы топтун лидери Николай Расторгуев туулган Подмосковьедеги Люберцы шаарынын аталышынан келип чыккан) тобу түзүлгөн. Белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун тапкан. Эки жылдык гастролдук сапарынан кийин айтылуу "Атас" альбому жарыкка чыккан. Топтун ийгиликтерине Николай Расторгуевдин түздөн-түз салымы бар экендигине далил катары алардын 3 жыл ичинде койгон 800 концертиндеги 3 миллиондон ашык калктын “Расторгуев, сен мыктысың!” деп колдоп турушканын айтууга болот.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы Гавайи аралдарына жакын жерде АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн "Энтерпрайз" учак ташуучу кемесинде чыккан өрттөн 27 киши каза болуп, 15 учак күйүп кеткен. 
14-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан