"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

2015-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты өсүмдүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттердин өтүп кетишинен жана жайылышынан коргоону камсыз кылуу, карантиндик объекттердин жайылып кетишинен келтирилген зыяндын алдын алуу болуп эсептелет.

Мыйзам өсүмдүктөрдүн карантини жаатында жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жаатында жеке жана юридикалык жактардын негизги укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” 1996-жылдын 27-июнундагы №26-мыйзамы күчүн жоготту деп табылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан