2014-жылы өлкөдө оор жүк ташуучу унаалардын жүгүн текшерүүчү 8 тараза комплекси орнотулду

Кыргызстанда 2014-жылы оор жүк ташуучу унаалардын жүгүн текшерүүчү 8 тараза комплекси сатылып алынып, жүк текшерүүчү пункттарга орнотулду. Маалыматты 13-январда вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушууда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев билдирди. Жолугушууда салмак-габариттик көзөмөл пункттарынын иши талкууланды. 

"Кемин", "Сосновка", "Кызыл-Адыр", "Жаңы-Арык", "Арал" салмак-габариттик көзөмөл пункттарына автоматтык шлагбаумдар орнотулду. Учурда борбордук серверге туташкан бирдиктүү автоматташтырылган түйүн түзүү (пункттардагы видеокөзөмөл боюнча) планы иштелип жатат",- деп билдирди Уезбаев.

Валерий Диль тапшырмаларды өз убагында жана толук аткарып жатканы үчүн Транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан