“Азыркы парламенттен баш тартышыбыз керек”,- деди бүгүн, 6-февралда коомдук ишмер Мирослав Ниязов. Анын айтымында, бул парламенттин чыгымы абдан көп болууда. “Парламенттин чыгымы бюджетке опол тоодой оорчулук жаратууда. Бул парламент өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алган. ЖКнын бир жылдык бюджети 700 миллион долларды түзөт”, - дейт М.Ниязов.