Маалыматка караганда, кылмыш иши “денеге оор залал келтирүү” жана “сексуалдык зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча козголгон. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалганын айтышкан. Ал эми баланын туугандары бул маалыматты четке кагышууда. Алардын айтымында, бала тепкичтен кулап кеткен. Ошондой эле алар баланын зордукталбаганын айтышууда.