Ошто тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам бир адам каза тапты

Ошто тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы Керме-Тоо айылындагы турак үйлөрдүн биринде болгон. Анын кесепетинен үйдөгү эмеректер, төшөнчүлөр күйгөн. Ошондой эле өрт болгон жерден 1959-жылы туулган үй ээсинин түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан