Базар-Коргон районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 13-январь күнү саат 21:50 чамасында Базар-Коргон айылында Матиз үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Кара-Үңкүр сайына түшүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочу каза тапкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын денесин унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.