"Баткен окуясы - эгемендүү Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо боюнча алгачкы сыноо. Кол салуунун мизин кайтарып, өзүбүздүн Ата Мекен үчүн тик туруп, аны коргой аларыбызды далилдедик",- деп билдирди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 13-январда Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда. Маматалиев 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн комитет мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда аталган окуяга катышкан жарандардын социалдык укуктарын коргоо үчүн даярдалган мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзамга 30 миң адам кол коюп бергени жана парламенттин кароосуна киргизилгени айтылды.
Вице-премьер-министр Баткен окуясынын аякташынын 15 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, 26-октябрды Баткен окуясынын күнү деп жарыялоо сунушун карап чыгуу тапшырмасын өкмөттүк аппараттын тийиштүү бөлүмүнө берди.