“Азыркы өкмөт Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан дайындалып, колу-буту байланган абалда партиялардын "барымтасында" калды”,- дейт “Кыргызстандын прогрессивдүү күчтөрү” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирослав Ниязов. Айтымында, учурда мамлекеттик кызматтарга дайындалган адамдар кесибине, билимине жана тажрыйбасына карабастан, партиялык систем аркылуу дайындалууда. Ниязов акыркы күндөрү өлкөдө чек ара маселеси боюна талаш-тартыштар көбөйгөнүн жана улуттар аралык жаңжал чыгып, массалык баш аламандыкка алып келүү коркунучу бар экенин айтты.