Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат
Данияр Тербишалиев 13-январь күнү Бишкектеги балдар ооруканасына оор абалда түшкөн 2 жашар бала боюнча маселени көтөрүп чыкты. Депутат спикер
Асылбек Жээнбековго кайрылып, тиешелүү министрликтерге тапшырма берүүнү өтүндү.
"Баланын абалы оор экендиги маалымат булактарында айтылып жатат. Сиз ушул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, ички иштер министрине жана саламаттыкты сактоо министрине тапшырма бериңиз, алар жеке көзөмөлүнө алышсын. Мындай окуялар күн сайын өсүүдө, бул боюнча парламенттик угуу өткөрүү керек",- деди Тербишалиев.
Спикер бул ишти прокуратура жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирип,
"бул окуя менин да жеке көзөмөлүмдө болот" деди.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалганын айтышкан. Ал эми баланын туугандары бул маалыматты четке кагышууда. Алардын айтымында, бала тепкичтен кулап кеткен.