Өткөн суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталып, борбордо турак үйдүн 250 чарчы метр чатыры күйдү

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарындагы Гатчинский кууш көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, темир жабылган, аянты 250 чарчы метр үйдүн чатыры, 1 муздаткыч, 1 сыналгы, газ плитасы, эмеректер, килемдер жана кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна мешти пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен короодо жыйылып турган 15 тонна чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан