Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеште жаңыдан кызматка дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземине президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Өкмөт мүчөлөрүнүн анттарын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.
Ант берген өкмөт мүчөлөрү: вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн жаңы кызмат орундары менен куттуктап, алардын мындан аркы жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалашты.