Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеште “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жана КРнын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунда мурда Ички иштер министрлигине карап келген Ички аскер бөлүгүн, анын түзүмдөрү менен милдеттерин Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүү жобосу камтылган. Ошону менен бирге ал Улуттук гвардиянын курамында Куралдуу күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп калат.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоорундагы айрым аталмалардын кыргызча-орусча которулушу өз ара шайкеш келтирилип жатканын айтты. Мисалы, расмий тилдеги вариантындагы "критическая ситуация" деген сөз мамлекеттик тилде "өзгөчө кырдаал" деп туура эмес которулуп калган. Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.