Анда “Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун 2 жылга шарттуу кесүү чечимин 30 миң сом айып пул төлөө чечимине алмаштырды. Күлөрүмдү же ыйлаарымды билбей турам” деп жазылат.
Айта кетсек, өткөн жылдын май айында "Кудайберген" базарынан чыгып келе жаткан Монополияга каршы агенттиктин кызматкери Нургалы Кудаяровдун башкаруусундагы мамлекеттик номери жок Мерседес унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда аталган агенттиктин кызматкеринин жанынан атайын белги коюлган 300 миң сом табылган. Белгилүү болгондой, Н.Кудаяров базардын жетекчилигинен пара талап кылып, аталган акчаны алып кетип жаткан. Кармоо учурунда ал качууга аракет кылган.