Түркияга барууну каалаган кыргызстандык жарандардын жанында 2015-жылдын 1-январынан баштап жалпы жарандык паспорту (заграничный паспорт) болушу керек. Маалыматты бүгүн, 14-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Тактап айтканда, Түркияда 2014-жылдын 11-апрелинде кабыл алган "Чет элдик жана эл аралык коргоо жөнүндө" жаңы мыйзамга ылайык, Түркияда 60 күн бою визасыз жүрүүгө укук берген жалпы жарандык паспорттордун жарактуу мөөнөтү Түркияга келгенден тарта 120 күндөн эрте бүтпөшү керек.
Министрлик Кыргызстандын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору расмий паспорттор классына кирерин жана мындай паспорттун ээлери жогорудагы талаптан бошотуларын кошумчалады.
Айта кетсек, Түркия мындай талапты бардык өлкөлөрдүн жарандарына коюуда.