Экономикалык жана фискалдык саясат комитети жаратылыш газынын бажы тарифин кыскартуу чечимине келди

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 13-январдагы жыйынында "Бажы тарифи жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин бири, депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, жаратылыш газына болгон 35 пайыз бажы алымы алынып салынат, мунун эсебинен газ колдонуучуларга жеңилдик болот. Аталган мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Ал эми "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамга сунушталган толуктоолор үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан