Кыргызстандагы айылдардын жайыттарын тактоо үчүн атайын комиссия түзүү пландалууда. Муну депутат
Мирлан Бакиров 14-январда Жогорку Кеңеште
жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке берүүгө багытталган демилгени талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтымында, ар бир айылдын жайыты такталышы керек. "Республика боюнча 140 айылдын чек арасы такталбай тургандыктан, жайыт маселесинде талаш бар. Ошондуктан комиссия түзүү пландалууда. Бул иш жергиликтүү бийлик менен кошо жүргүзүлөт",- деди Бакиров. Депутат Эсенгул Исаков жайыт талашы болбош үчүн ар бир айыл өкмөтү ассоциация түзүшү керектигин айтты.