Жайыттардан түшчү каражаттын 30 пайызын жергиликтүү бюджетке бөлүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 14-январдагы отурумунда 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Депутат Мирлан Бакиров бул демилге аракеттеги мыйзамдарда жергиликтүү бюджетке түшчү каражаттын көлөмү так көрсөтүлбөгөндүктөн көтөрүлгөнүн айтты. Ошондой эле жайыттарды туура эмес пайдалангандарды жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Депутат Сайдулла Нышанов демилге менен аракеттеги мыйзамдын ортосунда карама-каршылыктар бар экенин айтып, коомдук талкууга коюуну сунуш кылды. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү сунуштун концепциясын 1-окууда добуш берүүгө жиберишти.