Кыргызстанда социалдык төлөмдөр үчүн январь айында 505 миллион сом бөлүндү

Социалдык өнүгүү министрлиги 2015-жылдын январь айындагы социалдык төлөмдөр үчүн жарым миллиард сом бөлдү. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы 14-январда билдирди.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн ай сайын берилчү жөлөк пул катары 380 миллион 867 800 сом, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул катары 10 миллион 631 000 сом, компенсация жана жеңилдиктер үчүн акчалай төлөмдөргө, ритуалдык
жөлөк пулдарга 114 миллион 339 000 сом жумшалганы айтылды. Маалыматка таянсак, Кыргызстанда учурда компенсация алган 51 миң жаран бар (төлөмдөрдүн суммасы 1000 сомдон 7000 сомго чейин).
Жалпы сумма январь айында 505 миллион 837 800 сомду түздү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан