Мирослав Ниязов: “Талаптар аткарылбаса, 15-марттан баштап массалык түрдө ар кандай акциялар башталат”

"Биздин койгон талаптар аткарылбаса, 15-марттан баштап массалык түрдө ар кандай акциялар башталат". Бул сөздү бүгүн, 6-февралда “Кыргызстандын прогрессивдүү күчтөрү” коомдук бирикмесинин башчысы Мирослав Ниязов билдирди. Айтымында, аталган бирикме учурдагы бийликтин таасирдүү бутагы болгон Жогорку Кеңешке бир катар талаптарды койгон. Алар: парламенттик башкарууну жараксыз деп табуу, ЖКнын өзүн-өзү таркатуу, президенттик-парламенттик башкарууга өтүү, 3 айдын ичинде конституциялык реформа жүргүзүү талаптары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан