Бүгүн, 14-январдагы маалымат жыйынында №4-төрөт үйүнүн акушер-дарыгери
Алина Загирова: "Ымыркай сыртка чыгарылган эмес, төрөттү мен кабыл алгам",- деп билдирди.
"Ымыркайдын ата-энеси айтып жаткандай, наристе бөлмөдөн чыккан эмес. Аял төрөй турган кресло менен баланы жалаякка ороочу столдун аралыгы 1,5 метр. Ата-эне ымыркай патология менен төрөлгөндүгүн укканда эле кызын кабыл алышкан эмес",- дейт ал.
Башкы дарыгердин айтымында, чуркусу (грыжасы) бар кыз төрөгөнүн уккан ымыркайдын атасы аялына чыгып, "Сен майып бала төрөгөн турбайсыңбы?" деп айткан.