Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасаган “КРнын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Шыкмаматовдун айтымында, министрликтин алдында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча чечим кабыл алынган. Бул мыйзамдар колдонуудан чыккан, актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар болгондуктан, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды, коллизияларды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган.