2014-жылдын 30-декабрында Европа биримдиги тарабынан Кыргызстандын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын эсебине билим берүү тармагын колдоо үчүн 6 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат которулду. Маалыматты бүгүн, 14-январда аталган министрликтен билдиришти.
Грант 2020-жылга чейин Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн 23 миллион евро суммасындагы бюджеттик колдоо программасынын, ошондой эле 2012-2014-жылдарга иш-аракеттер планынын бир бөлүгү экени айтылды. Программанын максаты – жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системин реформалоо, билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык стандарттарды жогорулатуу, мамлекеттик каржыларды башкарууну бекемдөө.
Мындан тышкары бюджеттик колдоого кошумча катары Европа биримдиги саясий маселелер боюнча кеп-кеңеш берет, техникалык жардам көрсөтөт жана Каржы министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кесиптик билим берүү жана окутуу агенттигинин кызматкерлерин окутат.