Бүгүн, 14-январда электр энергиясынын кымбаттыгына нааразы тургундар Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук драма театрында митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева билдирди.
Анын айтымында, чогулгандар өкмөттөн электр энергиясына болгон бааны Нарын жергесинде арзандатууну, жеңилдик берүүнү талап кылышууда. Бул Нарын шаарында электр энергиясына байланыштуу уюшулуп жаткан биринчи митинг эмес. Буга чейин алар өкмөттүн облустагы өкүлү менен жолугуп, суранычын айтышкан. Бирок өкмөт тараптан жооп болбогону айтылган.
Кошумчалай кетсек, электр энергиясы боюнча иштелип чыккан жаңы тарифке ылайык, колдонулган электр кубатынын көрсөткүчү 700 кВт-саатка жетсе, 70 тыйындан төлөнөт. Бул көрсөткүчтөн аша турган болсо, баа 2 сом 5 тыйынды түзөт.