Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо чөйрөсүн колдоо үчүн 5 миллион евро бөлдү

2014-жылдын 30-декабрында Европа биримдиги Кыргызстандын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын эсебине 5 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат которду. Бул транш 2012-2014-жылдарга социалдык коргоо стратегиясынын өкмөт тарабынан ишке ашырылышы үчүн 13 миллион евро суммасындагы бюджеттик колдоо программасынын бир бөлүгү. Программанын максаты – Кыргызстандын абдан аялуу жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу.

Сектордун негизги көйгөйлөрүнүн бирин карап чыгууда ийгиликке жетишүү, анын ичинде балдардын мекемелерин реформалоо жана мамлекеттик каржыларды башкаруу системин чыңдоо Европа биримдигинин колдоосунун шарты экени айтылды. Бюджеттик колдоодон тышкары Европа биримдиги максаттуу эксперттик кеп-кеңештер жана тренингдер жолу менен көмөк көрсөтмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан