"Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча макулдашуулар ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 25-январында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргызстан менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө насыялык макулдашууну жана Кыргызстан, Талас шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо" долбооруна каржылык жардам берүү жөнүндө Борбордук Азия боюнча Европа союзунун Инвестициялык фондунун (IFCA) жана Глобалдык экологиялык фондунун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фондунун (SCCF) инвестициялык грантына карата жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган бул мыйзам менен Кыргызстандын Каржы министрлиги Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан