Өмүрбек Текебаев: "Жерлерди ирилештирбесек, техника колдоно албай, өмүр бою кетмен чаап жүрө беребиз"

Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында айыл чарба багытындагы жерлерди майдалап бөлүп сатууга же пайдаланууга тыюу салуу демилгеси талкууланып жатат. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев жер тилкелери 5 гектардан аз өлчөмдө бөлүнүп сатылбашы керектигин айтууда. Депутат өлкөдө айыл чарба багытындагы жерлер майдаланып отуруп жоголуп кетүү коркунучунда. 
"Бир үйдүн 4 сотых үлүшү бар дейли, балдары чоңоюп, атасы үлүштөгү жерин 4 баласына 1 сотыхтан бөлүп берип койду. Балдары ал жерге үйлөрдү салып алышты... Минте берсек, бара-бара айдоо жерлери жоголуп кетиши мүмкүн. Жерлерди ирилештирүү менен айыл чарба техникаларын жетиштүү пайдаланууга өтөбүз, болбосо 4 сотых жер үчүн ким техника иштетмек эле, кетмен чаап эле жүрө беребиз",- деди депутат.
Текебаев мыйзам азыркы жер ээлерине эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын айтат.  
"Мисалы, 4 сотых жери бар адам ошол 4 сотыхын кадимкидей сата берет, бирок аны 2 сотыхтан бөлүп сата албайт. Жерди коңшусу сатып алса, анын жери 8 сотых болот, ал 8 сотыхты гана сатат, 4 сотыхтан бөлүп сата албайт. Минтип жерлерди ирилештиребиз. Бирок жердин өлчөмү боюнча 5 гектар деген чекти аймактарга жараша кайра карап чыгуу тууралуу сунушту карап көрүүгө макулмун",- деди Текебаев.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан