Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башка кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу" мыйзамга кол койду. Маалыматты 14-январда президенттик аппараттан билдиришти.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башка кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлөөгө милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.