5 гектардан аз жерлерди бөлүп сатууга тыюу сала турган демилге добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жерлердин бөлүнүп, майдаланып сатылып кетишине бөгөт коюуга багытталган мыйзам долбоорун парламент 14-январда 1-окууда карап, добуш берүүгө жиберди. Демилгечи - депутат Өмүрбек Текебаев.

Мындай түзөтүүлөрдү киргизүү айыл чарба багытындагы жерлерди максатсыз пайдаланууну токтотууга мүмкүндүк берери айтылууда. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга негизсиз которууну токтотмокчу. “Сунушталып жаткан мыйзам долбоору сугат-айдоо жерлерин бөлүп-бөлүп, майдалап сатууга тыюу салууга багытталат”,- дейт Текебаев.

Мыйзам долбоорунда менчигинде 5 гектар жери болгон жаран аны майдалап сата албастыгы, маселен, 10 гектар болсо, аны эки бөлүп гана сата ала тургандыгы сунушталган. Андан аз жерлер бөлүнбөстөн, толугу менен сатылышы белгиленген.

Талкууда "Үй-бүлө ажырашкан маалда жер үлүшү кандай бөлүнөт?" деген маселе сот аркылуу чечиле тургандыгы белгилүү болду. Мыйзамдын кабыл алынышы менен фермердик чарбалардагы жерлердин ирилешүүсүнө, көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөрү айтылды. Айрым депутаттар 5 гектардан аз жерлерди сатууга тыюу салсак, көп адамдар жерин сата албай, жерди ирилештирүүгө тоскоолдук жаратарын айтышты. Демилгечи 5 гектар деген чек маселесин регионго, шартка жараша кайра карап, талкуулоого макулдугун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан