"Неберемди туугандыгын аныктоочу анализден өткөрөбүз" дейт алмаштырылды деген наристенин таенеси

Бүгүн, 14-январда SUPER.KG порталына "№4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркайдын таенеси Разия Имамназарова "Неберемди туугандыгын аныктоочу анализден өткөрөбүз" деп билдирди. 
"Бул кызымдын экинчи баласы, мындан улуу эркек баласы да бар. Бала төрөлгөн күнү эле алмаштырылганын күйөө балам менен кызым айтышты. Кызымдын айтымына караганда, неберем төрөлгөндөн кийин ал 2-3 мүнөткө сыртка чыгарылып, андан соң башка жалаякка оролгон кызды алып келген",- дейт Р.Имамназарова. 
Анын айтымында, учурда ымыркайдын атасы Орусиядагы туугандыкты аныктоочу медициналык жайдын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Белгилүү болгондой, ымыркайды тиешелүү текшерүүдөн өз каражатына өткөрүүнү №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги сунуштаган. Бирок ымыркайдын ата-энеси аларга ишенбестик көрсөтүп, ал сунуштан баш тартышкан.
Жаңы төрөлгөн уул кыз балага алмаштырылганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Elnuram090
2015-01-14 14:01:05
акча берип анализдерин озгортуп койушу деле мункунда кимдин ойуна келбейт болушу мункун Орусяга апарып текшерип келишсин аныктап берет
0
novayariga
2015-01-14 14:20:03
Эмнеге эле ушул тороткананын айланасында коптогон кылмыш болсо деле чара корулбойт? Кайра кайра эле сатуу, алмаштыруу
0
Aitunuk
2015-01-14 14:54:40
Маалыматтарга караганда ымыркай төрөлгөндө атасы катышкан, анан кантип анын көзүнчө баласын алмаштырып коёт, "бөйрөктөн шыйрак чыгаруу" эмеспи...
+1
temirov76
2015-01-14 22:46:25
Aitunuk, кайда атасы катышкан,ымыркай торолгондо медкызматкерлер эч кимге корсотпой сыртка алып чыгып кайра алып кирген деп энеси 2кундон бери безилдеп атпайбы.
0
admin_portal
2015-01-15 12:00:47
OTYPBARATYPELEEE,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан