Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл инспекциясы 2014-жылы 860 текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө 571 талапты бузуу фактысынын бети ачылганын 14-январда аталган министрлик билдирди. Мамлекеттик мекемелер боюнча 298 текшерүү болуп, норманы бузуу боюнча 196 фактысы катталганы айтылды. Ишкердик субъекттери боюнча 562 текшерүү болуп, 375 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Жыйынтыгында 146 токтом чыгарылып, 541 500 сом айып пул салуу чечими кабыл алынганы маалымдалды.
Айта кетсек, аталган инспекция автоунаага май куюучу жайлардагы ченөөчү жабдуулардын, базарлардагы таразалардын тактыгын жана башкаларды көзөмөлдөйт.