"Жерлерди ирилештирүү боюнча Текебаев сунуштаган демилгеге каршымын" дейт депутат Исаков

Кыргызстанда айыл чарба багытындагы жерлерди ирилештирүү боюнча депутат Өмүрбек Текебаев сунуштап жаткан демилгеге депутат Эсенгул Исаков каршы. Идея жакшы экенин, бирок аны башка ыкма менен ишке ашыруу керектигин белгилейт депутат. "Жерлерди 5 гектардан гана сатуу керек, андан аз өлчөмдө майдалап бөлүп сатууга тыюу салуу туура эмес. Минтсек жарандардын укугу бөлүнүп калат. Мисалы, жаран күнөскана куруу үчүн жер тилкесинин 50 сотыхын сатайын десе эмне үчүн болбосун? Текебаевдин мыйзамы боюнча, "10 уюң болсо, анын бирөөсүн сата албайсың, онун тең сатышың керек" деген норма киргизилгени жатат",- дейт Исаков.
Депутат жерлерди ирилештирүүнү жергиликтүү бийликтин жардамы менен ишке ашырса боло турганын кошумчалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан