Бүгүн, 14-январда депутаттар
Карганбек Самаков менен
Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынынан чыккандан кийин парламенттин үчүнчү кабатындагы эс алуу залынан мушташып кетишти. Мушташка күбө болгондор эл өкүлдөрүн башка депутаттар ажыратып калышканын айтышты. Эмне себептен мушташ чыкканы азырынча белгисиз.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 31-декабрдагы жыйынында депутаттар Карганбек Самаковду парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу маселеси каралып жатканда
орой кайым айтышышкан болчу.